Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Бир адамдан бир көчөт» акциясы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин кесип бирлик комитетинин мүчөлөрү "Жашыл мурас" акциясына активдүү катышты.

Ар бир адам өзү өскөн мекенинин өнүгүүсүнө салым кошуусу керек. Мектептин айланасын жашылдандыруу үчүн, "Жашыл мурас" акциясынын негизинде кесиптик бирлик комитети тарабынан "Бир адамдан бир көчөт" иш чарасы уюштурулду. 100 түп терек, 50 түп алма, 15 түп жаңгак, 40 түп кара кайнолу отургузулду.

Акцияга активдүү катышкан усулдук бирикмелер белгиленди. Кесиптик бирлик комитетинин төрайымы, мектеп директору тарабынан ыраазычылык билдирилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети