Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бильярд боюнча мелдеш уюштурулду

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Ош Мамлекеттик университетинин комитети 23-февраль «Ата Мекенди коргоочулар» күнүнө карата бильярд боюнча мелдеш уюштурду. Ага окуу жайда эмгектенген 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку агайлар катышты.

Жыйынтыгында, 45 жаштан жогорку агайлар арасында 1-орунду медициналык колледждин  окутуучусу К.Джапаров, 2-орунду математика жана информациялык технологиялар факультетинин доценти Т.Асылбеков, 3-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин доценти С.Абдыкадыров жана дене тарбия факультетинин улук окутуучусу Т.Даминов ээледи.

Ал эми 45 жашка чейинки агайлар арасында 1-орунду №4б жатаканасынын коменданты Б.Боронбаев,  2-орунду искусство факультетинин окутуучусу К.Орузбаев, 3-орунду математика жана информациялык технологиялар факультетинин окутуучусу Э.Алмазбек уулу жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Б.Колдошев жеңип алды. 

Жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан баалуу белектер, диплом, кубоктор менен сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети