Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билимге кошкон салым, келечекке болгон ишенимди бекемдейт

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы №14 И.М.Губкин атындагы жалпы билим берүүчү мектеби, жаӊы окуу жылын жакшы жаӊылыктар менен баштады. Мектепке шаардык мэрия жергиликтүү бюджеттин эсебинен замандын талабына жооп берген 250 орундуу кошумча имарат тургузуп, 2023-жылдын 1-сентябрына пайдаланууга берди.

Имараттын жалпы бюджети 44 396 660 сомду түзүп, ага жыйындар залы, мугалимдер үчүн атайын каана, даараткана салынып, ар бир окуу кабинетине интерактивдүү доска жана эмеректер коюлду.

1974-жылы курулган бул мектепте азыркы учурда 2 300 окуучу билим алат. Буга чейин окуу кааналарынын жетишсиздигинин айынан музей, жыйындар залы да окуу кааналарына айланып кеткен болсо, кошумча имаратты куруу менен жогорудагы маселелер чечилип, окуу кааналары кайрадан ѳз ѳзүнчѳ болуп мугалимдер жана окуучулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.

Жогорудагы аталган иштердин бардыгы Кочкор-Ата шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жѳнүндѳ» мыйзамынын жана 2021-2040-жылдары КРда билим берүүнү ѳнүктүрүү программасынын алкагында, ошондой эле мектептин кесиптик бирлигинин ортосундагы үч тараптуу келишимдин негизинде ишке ашырылды.

 

Маалыматты даярдаган: №14 И.М.Губкин атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Т.Кулназарова