Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети

2016-жылдын 27-февраль күнү  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн  25 жылдыгына жана 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети  тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында спорттун жеңил атлетика түрү, волейбол оюну боюнча  мелдеш  болуп өттү.

   Райондук мелдешке Лейлек районуну аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору жана тарбиячылары катышты.

     Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы- акиминин орун басары Р.Амирова жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнун башчысы А.Жамилов катышып, өз каалоолорун айтып өтүштү.

    Мелдеш өтө кызыктуу деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети  тарабынан атайын уюштурулган баалуу белектер жана “Ардак грамоталар” менен сыйланышты.