Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетине 50 жыл

      2016 –жылдын    19 – ноябрь  күнү    областтык  профсоюз  комитетинин уюшулгандыгынын  50 жылдык  мааракеге  арналган   салтанаттуу   жыйын өттү.

      Билим,  илим  кызматкерлеринин    профсоюзунун   Ош  областтык    комитети  1966-жылы   түзүлүп,   өзүнүн  ишмердүүлүгүн    жүргүзүп  келүүдө.  Ал  учурда  азыркы    Жалал  -  Абад   жана  Баткен   областтары, Ош  шаары   Ош  областынын  курамында   болуп,  жалпы  бир   областтык   структура  болгон.   Ага  чейин  райондордогу,  шаарлардагы   профсоюздук    структуралар  коомдук  башталышта   болуп  өз   ишмердүүлүктөрүн   уюштурууда   жана   жүргүзүүдө   бир  топ   кыйынчылыктарга  учурап  турушкан.  Андыктан,  бирдиктүү  областтык  профсоюз   комитетинин   уюштуруу  мезгил  талабы   болгон.

      50 жылдык   тарыхый  мезгилдин   ичинде  Жалал  -  Абад,  Баткен  областтык,  Ош  шаардык   комитеттери     өз  алдынча    профсоюздук   комитет  катарында    иш  жүргүзүүсүнө  жетишти.

     Белгиленген   максаттарды,  алдыга   койгон  пландарды   ишке  ашырууда    учурда   обкомдун   карамагындагы    7 райондук,  1 шаардык   комитет,  7  жогорку   окуу  жайлар,  3 орто  окуу жайлар,  4 түздөн - түз   тейлөөдөгү   баштапкы   уюмдар  аракеттенүүдө.   650 уюмдун   катарында   41599 профсоюз   мүчөсү   катоодо  турат.  Уламдан  улам   профсоюз   мүчөлөрүнүн   саны   өсүү   жолунда.

     Областтык   комитет    өзүнүн  ишмердүүлүгүн    отчеттуулук ,  теӊ  укуктуулук    жана   тилектештик  принциптерине   негизденип  иш   жүргүзүүдө.      

     Областтык  профсоюз  комитетинин  уюшулгандыгынын  50 жылдык  мааракеге  арналган   салтанаттуу   жыйын    саат  10 – 00 дө  башталып   областтык   кесиптик  бирликтин    төрагасы   С.Тойгонбаев   комиттетин    50  жылдыгы  менен  куттуктап    салтанатты  ачык  деп   жарыялады.   Салтанаттуу  маарекеге   чакырылган   БПКнын    төрагасы    А.Токтогуловго   сөз  берилди.  А.Токтогулов   Кыргызстанда  профсоюз  уюму  биринчилерден  болуп    Кызыл  - Кыя  жана   Сүлүктү  шаарларында    уюштурулгандыктары  жана  андан  кийин   тармактык   профсоюздун   уюшулгандыгы   жөнүндө    кеӊири   токтолду.  Азыркы  учурдагы   Билим жана  илим  кызматкерлеринин   кесиптик  бирлигинин    2  жана  3  тараптуу  келишимдердин    негизинде    өнөктөштөр  менен  конструктивдүү  маанайда   иштер    жүргүзүлүп   жаткандыктары,  2011 –жылы  мугалимдердин  эмгек   акыларын   2 эсеге  чейин    жогорулатуудагы    профсоюздун    авангардтык       ролун ,  2015- жылдын    1 – сентябрынан    баштап   50%,    башталгыч  класстар   менен    бала  бакчалардын    тарбиячыларынын    эмгек  акылары    80%  дейре    көтөрүлүшүнө  жана  окуу  жайлардагы  20% салыктын  алынып  салынышына   мыйзам  ченеминдеги   коюлган  талаптарга    ылайык   жетишилгендигин   баса  белгиледи. 

    КР Өкмөтүнүн    облусттык ыйгарым    укуктуу өкүлчүлүгү,  райондук    мамлекеттик   администрацияларынын,  жергиликтүү  өз  алдынча   башкаруу  органдарынын   мындан  ары  да  макулдашууларды,  келишимдерди   аткарууда   өнөктөштүктү  өнүктүрүүдө   принципиалдуу    иштер    жүргүзүлө  берээрдигине    ишеним   билдирди.

   А. Токтогулов   өзүнүн  тереӊ   маанилүү   жана   мазмундуу   сөзүнүн   соӊунда    билим  берүү   тармагындагы   профсоюз  уюмдарында    активдүүлүктү    көрсөтүп жатышкан   алдыӊкыларга   Билим  берүү  жана  илим   министирлигинин   «Билим  берүүнүн  отличниги»,  Билим жана  илим  кызматкерлеринин   кесиптик  бирлигинин Борбордук Комитетинин     «Билим, илим профсоюдук  кыймылдын  отличниги»  төш  белгилерин   жана   Ардак  грамоталарын   тапшырды. 

     Салтанаттуу  маарекеде  КР Өкмөтүнүн  Ош  областтык  ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн  орун  басары  Б. Юсуповго   сөз  берилип,  макулдашуулардын  негизинде  иш  алып  барыла  тургандыгын    белгиледи    жана   профсоюз  лидерлерине   өкүлчүлүктүн  Ардак  грамоталарын   тапшырды. 

   Ош  облусттык  профсоюздар  Кеӊешинин  төрагасы  Т. Мусаев,  Нарын  РПКнын  төрагасы  М.Курманкожоев,   Ак – Суу  РПКнын  төрагасы  Э.Садабаев,  Жети – Өгүз  РПКнын  төрагасы  Ө.Молдокматов, Баткен ОПКнын жана Жалал-Абад ОПКнын төрагалары З.Бөтөков, А.Исмаилов КР, «Билим  берүүнүн  эмгек  сиӊирген  кызматкери»,  профессор, эмгек  ардагери  Б.Нурунбетов,   ОшМУнун  ректору  К.Исаков,  Алай  райБББнын  башчысы  Д.Жээнбеков,  Ош  облустук  Билим  берүү  институтунун   директорунун  милдетин  аткаруучу  А.Артыкбаевдерге  сөз  берилип  куттуктоолорун  айтышты.

    Салтанаттуу  маареке  ыр,   бийлер  менен  коштолуп  соӊуна  чыкты.

 

Ош  областтык  профсоюз  комитети