Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзуну жалал-абад шаардык комитетиндеги баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарынын семинары

      2016-жылдын 27-октябрь күнү   билим жана илим  кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинде  конкурстун жыйынтыгын чыгаруу үчүн  жыйналыш болуп өттү.  Мында  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы З.Тургунбаева  сүйлөп , шаардык  билим берүү мекемелеринде баштапкы кесиптик уюмунун төрага жана төрайымдарын өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы  менен тааныштырды.  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин токтомуна ылайык “Кесип бирлигинин мүчөлөрүнүн социалдык колдоолорун мыкты уюштурган кесиптик уюму-2016” конкурсуна шаардагы 15 мектептин  профсоюз уюмдары катышып, жыйынтыгында            № 17 орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Эгамбердиева Мухабат  жеӊүүчү деп табылды (мектеп директору Бокошева Гүлнара Жунусовна).  Алдыӊкы жеӊүүчү  профкомдордун   жүргүзгөн иштери боюнча маалымат берилип, облустук конкурска  катышуу үчүн № 17 орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы М.Эгамбердиева жөнөтүлсүн деп сунушталды.  Шаардык комитетин төрайымы З.Тургунбаева  баштапкы профсоюз    уюмдарынын төрайымдарынын милдеттерин айтып , мыйзам чегинде милдеттерин аткара билсе, ар дайым иши алдыга  жылаарын айтып өттү.

 

                                     Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун   Жалал-Абад  шаардык комитети