Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим сапатын көтөрүүдө кесиптик бирликтин ролу

       2017-жылдын 16-март күнү Кара-Суу районундагы  № 82 А.Эшматов атындагы орто мектебинин базасында Ош зонасындагы 62 мектептин баштапкы  кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын, ата-энелер комитетинин, айыл аймактын өкүлчүлүктөрүнүн жана коомчулуктун   катышуусунда семинары болуп өттү. 

       Семинардын максаты: Мектеп окуучуларынын билим сапатын көтөрүүдө кесиптик бирликтин ролун мектеп жааматы, ата-эне, коомчулук билишет.

       Семинардын милдети:

       -Үч тараптуу келишимдин негизинде билим сапатын көтөрүүчү эмгек жамаатына шарт түзүү максатында баштапкы  кесиптик бирлик уюмунун, мектеп жетекчиси жана айыл аймагы менен болгон байланыш жөнүндө пикир алмашу уюштурулду.

      -Окуучулардын билим деӊгээлин көтөрүү менен окуучуларды  ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданияттуулукка тарбиялоо  деген темада атайын слайт  көрсөтүлдү.

      № 82 А.Эшматов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун каанасынын  уюштурулушу жана иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча да кеӊири таанышып усулдук жардам алышты.