Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим экспортун ишке ашыруу – азыркы кездин эң актуалдуу маселеси

    Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультети 1993-жылы ачылып, кийин мында чет өлкөлүктөрдү да кабыл алып, тийиштүү адистерди даярдап келүүдө. Ошол кездеги ректор Бакыт Бешимов, кийин университетти жетектеген Бектемир Мурзубраимов, Мухтар Орозбековдор да чет өлкөлүктөрдү көбүрөөк тартууга басым жасашкан. Азыр эми Каныбек Исаков ректор болуп келгенден берки беш жыл ичинде жамааттын ички биримдиги бекемделип, ишке жана окууга болгон стимул жаралып, мамиле өзгөрүп, заман талаптарына ылайык ар тараптуу жаңы технологиялар киргизилип, окуу жайыбыздагы жагымдуу аура пайда болгону бүгүнкү күндө ОшМУнун чындап кел-кели келишине өбөлгө түздү жана анын ооматы артып турган учуру экендигин эч ким тана албайт десем, ашыктык кылбас.                                                                                                                       

    Азыркы учурда университетибизде алыскы жана жакынкы чет өлкөлүк студенттердин саны да 1700дөн ашып, айрыкча Кытай, Түркия, Индия, Пакистан, Непал ж.б. өлкөлөрдөн келип окугандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Мындай жагдайдан улам аларды окутуунун сапатын жогорулатуу, окутуу үчүн заманбап технологияларды киргизүү, окуу-материалдык базасы менен тийиштүү шарттарды түзүү зарылдыгы келип чыкты. Өзгөчө белгилеп кое турган нерсе, бул багытта окутуучу-профессордук курамдын ичинен чет өлкөлүктөргө англис тилинде сабак өтө алган жаңы муундун өсүп жетилгени кубандырбай койбойт. 2015-2016-окуу жылынын башталышы менен Ош шаарынын түштүк-чыгыш районундагы жаратылышы кооз, абасы таза Ак-Буура дарыясынын жээгинде университеттин өздүк каражаттарынын эсебинен чет өлкөлүк студенттер үчүн мурдагы медицина факультетинин имаратынын жанында атайын дагы кошумча жаңы окуу жана лабораториялык корпустары курулуп бүтүп пайдаланууга берилди. Буга чейин мындагы 250 орундуу базалык медициналык клиниканын бүткөрүлүп, элге кызмат кылып иштеп жаткандыгы эсепке алынып, ОшМУда өз алдынча эл аралык медициналык факультетин  ачууга толук шарт жаратты.                   

    Мындан сырткары, чет өлкөлөрдөн тартылган инвестициялардын жардамы менен Конфуций, Ыйман лицейлеринин окуу корпустары жана жатаканаларын куруу иштери башталды. Алдыда өздүк каражаттардын эсебинен университеттин интеллектуалдык борборун, искусство факультетинин жаңы окуу имаратын, жабык тибиндеги спорт комплексин курууга, ошондой эле, Өзгөн медициналык колледжинин окуу имаратын кеңейтүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Мунун баары  учурдун талабына ылайык мындан ары ОшМУда билим экспортун турмушка ийгиликтүү ашырууга өбөлгө түзө турган негизги факторлор десек болот.                               

     Жогорку билимди экспорттоонун актуалдуулугу жөнүндө Өкмөт, же жогорку жактагы чиновниктер эми гана ойлонуп жатышкандай элес калтырат. Мурдагы Өкмөт башчы Темир Сариев бу жөнүндө эми ооз ача баштаганда, тагдырдын жазмышы болуп, кызматынан кетүүгө мажбур болду. Ал эми Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн билим экспортун ишке ашыруу азыркы кезде эң актуалдуу маселе экендигин эч ким тана албайт.  Бажы союзуна кирген менен деле саясый кризистен башыбыз чыкпай келүүдө. Өлкөбүздөгү бюджет таңкыстыгынын, жумушсуздуктун, өнөр-жайдын, соода-сатыктын, айыл чарбасынын, жалпы эле өндүрүштүн өсө албай жаткандыгынын айынан экономикабыз илең-салаң акыбалда турганы, тилекке каршы, ачуу чындык экендигин да эч ким жашыра албайт. Андыктан мындайда минтип алдыңкы ЖОЖдордун потенциалын туура пайдаланып, чет өлкөлүктөрдү окутуу аркылуу өлкөгө канча инвестиция кирип жаткандыгын аңдап алуу чиновниктерге эле эмес, жөнөкөй кишиге деле кыйынга турбайт деп ойлойм. Анткени ар бир чет өлкөлүк студент самолеттун билети, окуу жайга төккөн контракт акчасы, батирде жашаганга төлөгөнү, телефон жана интернет байланышы, соодасы, күнүмдүк жол киреси, жеген-ичкени, баскан-турганы ж.б. чыгымдары үчүн Кыргызстанда жүрүп, оңор эмес каражат жумшап жатпайбы.

      Ушул багытта Ош мамлекеттик университетибиздин мамлекеттер аралык программасынын алкагындагы Индияга сапарыбыз менен атайын делегация Дели, Агра, Мумбай жана Гоа шаарларында болуп, ал жактагы өнөктөштөр жана ОшМУнун индус-бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте алар иштеп жаткан беш медициналык клиникалары жана борборлору менен жеринде таанышып, мындан аркы өз ара алакаларды түзүүнүн багыттары боюнча пикирлешип кайттык. Май айынын башында сырттагы кургак аба 39-41 градус даражага чейин ысып, тропик жаандарынын башталышын күтүп жаткан мезгилдеги Индияда эң биринчи көзгө урунганы жана аңдап түшүнгөнүбүз бул болду: байыркы Темирлан, Бабур замандарында айтылгандай, чынында эле жомоктой кооз, байлыгы мол Индия, элдеринин жашоосундагы көп контрасттуулук, байы бай, кедейи кедей жашаган Индия, таза жери таза, булганыч, жагымсыз жыт турган жери көзгө комсоо көрүнгөн Индия, дээрлик баардык жеринде түпкүлүктүү лөлүлөр калкы кездешкен Индия, маймылдар менен уйлар жолдордо ээн-эркин жүргөн Индия, эсеби жок эстакадалык көпүрөлөрү, шаарларынын ичинде да, сыртында да Индияга мүнөздүү болгон рикшалар, велосипеддер, мотоциклдер, оң рульдуу автолор “суудай аккан” заңгыраган кең көчөлөрү, тарыхый жана заманбап архитектурасы укмуштуудай Индияга чынында эле, сөз жок экен! Калкы ар тармакта өз тиричилиги менен алектенип, шаарларындагы имараттар эбегейсиз зор көрүнгөн менен бирок, анын ичиндеги көчүк бурулбаган тар жерлерде эч муюбай эле эмгектенген индустарды-коллегаларыбызды көрүп, бир жарым миллиардга жакын элин революциясы, митинги, нааразычылыгы жок эле багып жаткан эл башчы, журт башчыларына ырахмат дедик! Мындайда бизде болсо үч адам болсо, экөөсү чиновник болгон системаны, анан элдин эсебинен жашаган жанбагарлар көп экендигин, баары эле креслону жана кең кабинеттерди жакшы көрөөрүн эстеп зеениң кейийт экен.

      Кыргызстандын элчилигинде иштеген 5-6 кызматкердин эки мамлекет ортосунда айрыкча жогорку билим берүү багытында өзара алака түзүү аракеттери аз болсо да майнап берип жатканы бизди тосуп алган индус досторубуздун мамилесинен көрүнүп турду. Дегеле индустар табиятынан кичипейил, тынчтыкты жана эмгекти сүйгөн, эң толеранттуу, же сабырдуу жана чыдамкай эл экендигин көпчүлүгүбүз биле бербейт экенбиз. Бир кездерде Кыргызстандан окуп бүтүп кетип, эми минтип Индиянын ар кайсыл шаарларында иштеп жатышкан биздин бүтүрүүчүлөр жана биз менен өнөктөш болгон индус досторубуз Делиге чогулушуп, 5-май – Кыргыз Конституциясы күнүнүн урматына атайын сый кечесин уюштуруп, ага Кыргызстандын элчилигин катыштырып, биз жөнүндө жакшы сөздөрүн, майрамдык каалоолоо-тилектерин айтышып, мындан кийинки келечекте  да жогорку билим берүү багытында бирге аракеттенүү максаттарын билдиришкени  биз үчүн өзгөчө жагымдуу болду.                                                                           

     Кыргызстан ЖОЖдорунун чет өлкөлүктөргө, айталы, медициналык багытта кандай деңгээлде билим берип жаткандыгын ушул Индиянын мисалында көрүп, Кудайга шүгүрчүлүк кылып, ичибиз жылып, башыбыз кыйла көтөрүлүп калгандыгын айта кетейин. Жөнөкөйлөтүп айтканда, Америкадан, Европадан, же Россиядан, КГМАдан, же ОшМУдан бүтүп келдиңби, мамлекеттик, же жеке медициналык клиникаларга ишке кирүү үчүн алган билимди кайрадан сыноо үчүн мамлекеттик стандарттагы тесттирлөөдөн өтүүгө туура келет. Ким тестти ийгиликтүү тапшыра алса, расасына, улутуна, жынысына карабай престиждүү делген, дайыма күтүп турган медициналык жумушка “жашыл чырак” жанат, тапшыра албай калгандарга жердигине, байлыгына, же акчасына, өң-түсүнө, көз-кирпигине, тааныш-тамырына карабай кийинки жылдагы (болбой калса андан кийинки жылдагы) тестке даярданууга туура келет. Андыктан биздин далай бүтүрүүчүлөрүбүз мындай тесттерди биринчи жылда эле тапшырып, алды белгилүү клиникаларда иштеп жаткандыктары бизди албетте, кубандырды да.

     Сапарыбыздан кайтып, Ала-Тообузду көздөй көк асманда булуттар үстүндө калкып келатып, Индиядан алган таасирлерди айтып түгөтө албай жаттык. Ош мамлекеттик университетибиз менен сыймыктандык, жамаатыбыздын эмгегине ыраазы болдук. Ааламдашуунун жаңы дооруна ылайыкташып жогорку билим берүүнүн дүйнөлүк мейкиндигинде өз ордубузду бекемдегенге  жан үрөп иштейли, кийинки муундарды татыктуу өстүрөлү, окуу жайыбыз Кыргызстанга эле эмес, башка мамлекеттерге да ийгиликтүү кызмат кылсын дедик.                                          Бизге Кудай таала тоодой кылып берген ырыскыны тынч, тең бөлүп жегенди үйрөнсөк, ыйман-ынсабыбыз менен болуп, жаштарыбыз акыл-эстүү өсүп, Кыргыз журту, мамлекетибиз дайыма бүтүн болсо, токчулук-амандык, келечегибиз дайыма жарык болсо деп тилек кылып келаттык...