Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Билим үчүн рахмат!” майрамдык азем

       2016-жылдын 7-октябры күнү   Кочкор-Ата  шаарынын  Маданият  Сарайында “Билим  үчүн рахмат!” темасында 5-октябрь-Мугалимдер  күнү кесиптик  майрамына  карата  азем  өткөрүлдү.

        Майрамдык  аземге Ноокен  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы-аким  А.К.Осмонов, орун  басары  Н.А. Бекжигитова, райондук  ишкана, мекемелердин,  айыл  Өкмөттөрдүн  башчылары, коомдук  уюмдардын  , маалымат  каражатарынын  өкүлдөрү, ардагер  мугалимдер, алдынкы  билим  берүү  кызматкелери 425 адам катышты.

          Азем райондун  окуучуларынын  майрамдык  куттуктоолору   менен  ачылып, мугалимдерге арноо  концерттик   программа  тартууланды. Келген  меймандар  куттуктоо  менен  бирге сыйлыктарын  тапшырышты. Алдынкы   билим  берүү  кызматкерлери республикалык, облустук,  райондук сыйлыктар менен сыйланышты. Аземди  №14  Губкин  атындагы  орто  мектебинин   жамааты  даярдаган  флеш-моб  иш-чарасы  менен  аяктады. Азем  райондун  билим берүү  кызматкерлерине  майрамдык  маанай тартуулоо  менен  жаңы ийгиликтерге шыктандырды.

Материалды  даярдаган Ноокен  райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров