Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим бул ийне менен кудук казгандай

2018-жылдын 27-январында "Өнүккөн келечек жаштары" коомдук фонду тарабынан уюштурулган "Окутуунун интерактивдүү усулдары"боюнча чоӊ форум Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин чоӊ жыйындар залында Ош, Баткен, Жалал-Абад областтарында иштеген мугалимдер арасында болуп өттү. Чоӊ форумга 70 жакын мугалимдер катышты. Катышкан мугалимдердин интерактивдүү усул боюнча мугалимдерге өткөн семинар-сабактары, отчеттук иштери, видео-сүрөт слайддары жана "Интерактивдүү усулду колдонуунун зарылчылыгы, кемчилдиктери, сунуштары"- деген темада даярдаган баяндамалары калыстар тобу тарабынан каралып, жыйынтык чыгарылды.

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн М.Бабкин атындагы №1 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Матраимов Мелисбек Сапарович  II орунду ээлегендиги үчүн планшет жана сертификат менен сыйланды.

Матраимов Мелисбекти шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев менен шааркомдун төрагасы К.Акунов куттуктап мындан ары иштерине ийгиликтерди калашты

Даярдаган:  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Мамасыдыков Максат