Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Билим бийик, мугалим ыйык"

     Ат-Башы райондук Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитети. "Билим бийик, мугалим ыйык" деген ураан менен ыйык мугалимдердин кесиптик майрамы жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.
      2016-жылдын 13-октябрь күнү райондук деӊгээлде мугалимдердин кесиптик майрамына арналган маданий-массалык иш чара өттү. Бул иш чарага 44 билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан кесиптештер катышышты. 
      Бул иш чараны айылдык мектептер арасында 2-орунду ээлеп,50 000(элуу мин) сомго ээ болгон Н.Үсөналиев атындагы орто мектеби уюштуруу иштерин жана чоӊ программадагы концерт уюштуруп,кеченин коноктору абдан жагымдуу маанайда отурушту. 
     Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ат-Башы райондук комитети уюштурган Райондогу мектептер арасында мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган кароо сынакта "Мыкты мектеп" Карыбек у.Акматаалы атындагы орто мектеби, "Мыкты бала бакча" номинациялары Казыбек-Жеткинчек бала бакчасына тапшырылды.Ошондой эле  Гран-Приден тышкары алдынкы 3тон орунга баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар,ардак грамоталар тапшырылды. 
    Ат-Башы райондук комитетинин мектептеринин жана бала бакчаларынын кесиптик бирликтин профкомдору  Кыргыз Республикасынын кесиптик бирлигинин Ардак грамоталары жана КР кесиптик бирлигинин отличниги тош белгилери менен сыйланышты.