Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Баткен областтык комитети жыл жыйынтыгын чыгарган кенейтилген президиумун өткөрдү

2015-жылдын  10-февралында  билим берүү жана илим кызматкерлеринин Баткен областтык комитети 2014- жылдын жыйынтыгын чыгарган президиум өткөрдү. Президиумга Баткен областтык профсоюздар Кенешинин төрагасы А.Казаков, райондук, шаардык комитеттин жана Баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары, областтык кароо-сынактын жеӊүүчүлөрү катышып, күн тартибинде төрага З.Бөтөков жыл жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер жөнүндө президиумдун катышуучуларына маалымат берип төмөнкүдөй маселелер каралды.

1.2014-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары,

2.Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык  комитетинин 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү.

3.2014-жыл “Жаштар жана жанылануу” жылынын алкагында өткөрүлгөн областтык  кароо-сынактардын жыйынтыктары жөнүндө.

 

         Президиумдун жыйынтыгында областтык кароо-сынактын женуучулору диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

             Күн тартиби боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

 

 

 

Уюштуруу жана укук иштери боюнча адис                       К.Акимов.