Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин жетектөөчү адисинен кабарлар

Майыптарга материалдык колдоо

            Тармактык кесиптик бирликтин баткен райондук комитети Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата райондо майыптарды колдоо боюнча бир айлыкка катышып, майып билим берүү кызматкерлерине материалдык жардам берүүнү чечти.

            Декабрдын башында майып билим берүү кызматкерлеринин тизмеси көрсөтүлүү менен, аларга материалдык жардам берүү жөнүндө раймамдминистрацияга, социалдык коргоо бөлүмүнө жана айыл аймактарынын өкмөт башчыларына  кат жөнөтүлдү.

            Райондук комитеттин Президиумунда билим берүү мекемелеринде  иштеп жатышкан майып кызматкерлерге ар бирине 500 сомдон Жаңы жылга карата материалдык колдоо катары акча бөлүндү. Аны кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары Жаңы жылды тосуу аземдеринде тапшырышат.

 

 

Пленумдун күн тартибинде – эмгекти жана укукту коргоо

            Баткен районундагы Ш.Токсонов атындагы орто мектептин жыйындар залында 2013-жылдын 25-декабрында райондук комитеттин кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумга райондук комитеттин, райондук текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, раймамадминистрациянын башшчысы-акимдин орун басары, айыл аймактарынын өкмөт башчылары жана таяныч мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору, кесиптик бирликтин облустук жетекчилери катышышты.

             Күн тартибинде “Райондун жалпы билим берүү мекемелеринде “Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобого” ылайык билим берүү   кызматкерлеринин эмгегин жана мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө” деген маселе талкууланды. Докладды райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Президиум мүчөсү А.Зайитов жасады.

            Жарыш сөзгө чыккан жолдоштор аталган маселе боюнча өз ойлорун ортого салышып, билим берүү кызматкерлерин колдоону жаңы деңгээлге көтөрүү керектигин белгилешти. Кесиптик бирликтин  облустук кеңешинин төрагасы А.Казаков, облустук комитеттин төрагасы З.Бөтөкөв жана райондук комитеттин төрагасы бул багытта учурда республикада, облуста аткарылып жаткан иштер, чечүүнү талап кылган көйгөйлөр жана алдыдагы милдеттер жөнүндө омоктуу ойлорун айтышты.

            Пленум аталган маселе боюнча милдеттерди аныктаган токтом кабыл алды. Акырында алдыңкы кесиптик бирлик активистерине сыйлыктар тапшырылды.

 

 

 

Педагогдордун балдарына – Жаңы жылдык белектер

            2014-жылы Жаңы жылды тосуунун алдында Билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Президиумунда райондогу мектептерде, балдар бакчаларында жана мектептен тышкаркы мекемелерде иштеген 2430 кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн балдарына Жаңы жылдык белек тартулоо маселеси каралды.

      Маданий массалык иштерге каралган каражаттардын эсебинен мектептерге 216400 сом, балдар бакчаларына 12200 сом, бардыгы болуп 228600 сом бөлүндү. Белектерди       Жаңы жылдык арча майрамында баштапкы кесиптик бирликтин төрагаларына тапшыруу милдеттендирилди.

 

 

Билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен

райондук комитетинин жетектөөчү адиси                                      Б.Абдыразакова