Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим министри Ноокенде

           2016-жылдын 27-майында Билим  берүү  жана  илим министри Э.К.Сариева  кызмат  сапары  менен  Жалал-Абад  облусунда болуп, Ноокен  районунун Достук айыл  аймагындагы №26 Анаркулов атындагы, №21 Фуркат  атындагы орто  мектептердин  жамааттары  менен  жолугушту. Мектептердин  имараттарынын курулуштары  жөнүндөгү маселерге токтолуп, мугалимдерди кубандырды. Мугалимдер министрге ыраазычылыктарын билдиришти.

       Ушул  күнү  райондогу  55  мектепте «Акыркы конгроо»   салтанаттары болуп, анда катышкан  райадминистрацияынын, райондук  ишканалардын, айыл  Өкмөтөрдүн,  айылдык  кеӊештердин, ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн  өкүлдөрү   райондун 11класстын 1208, 9-классыны 2112 бүтүрүүчү окуучуларына ак жол  каалашты. Өзгөчө 60,50,40,35,30,25,20жылдык юбилейлык  бүтүрүүчүлөр салатанатты  шанга бөлөштү. Алар  мектептерине материалдык базалары  чындалышы  үчүн жакшы  салымдарын кошушту. Юбилейлык  бүтүрүүчүлөргө устаттары ыраазычыктарын  билдиришти.

Материалды даярдаган:Ноокен райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.

Министр Э.К.Сариева №26 Анаркулов  атындагы  жана №21 Фуркат   атындагы  орто  мектептеринин жамааттары  менен

№3 Алибаев мектебинде «Мыкты окуучу», «Мыкты ата-эне» сыйлыктары тапшырылды

№29 Мирзаходжаев  атындагы   орто  - мектебинин 50 –жылдык юбилейлык  бүтүүручулөрү

«Акыркы конкроо» салтанаты