Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү

2016-жылдын  10-майында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Баткен областтык комитетинин кезектеги  президиуму болуп өттү. Президиумга райондук,шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери катышып, төмөнкүдөй маселелер каралды; 

1. Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын төлөнүш абалы жана койгойлору боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча район, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагаларынын маалыматтары.                                                                                                          

2. Билим берүү  профсоюзунун Сүлүктү, Кызыл Кыя, Баткен шаардык комитеттеринин профсоюздук бюджетинин сметасынын аткарылышына, бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүнө жана текшерүү комиссияларынын иштеринин жүргүзүлүшүнө усулдук жардам берүү жөнүндө  областтык комитеттин башкы эсепчиси жана текшерүү комиссиясынын маалыматтары.

3.  Лейлек районунун жана  Сулукту шаарынын билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөдө Лейлек райондук жана Сулукту  шаардык профсоюз комитеттеринин жүргүзгөн иштери жөнүндө уюштуруу, укук жана эмгекти коргоо боюнча адис К.Акимовдун маалыматы                                                                    

4.  Билим берүү кызматкерлеринин эс алуусун уюштуруу санаторийлери  менен келишим түзүү жөнүндөгү маселелер каралып тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

 

 

 

Уюштуруу, укук жана эмгекти коргоо

боюнча адис                                                                        К.Акимов