Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин жетекчилиги менен студенттердин жолугушуусу

     Жакында Жалал-Абад мамлекеттик Университетинин чоӊ жыйындар залында профсоюз кызматкерлеринин окуу жайдын студенттери менен жолугушуусу өткөрүлдү.

     Жолугушууга обкомдун төрагасы А.Исмаилов, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышановдор катышышты.

     Жолугушууну Университеттин профкомунун төрагасы К.Болотбеков ачып, алгачкы сөздү билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаиловго берди.

     Төрага жолугушуунун маани-мазмуну, студенттер үчүн окуу жайдын жетекчилиги менен профсоюз уюмунун биргелешкен аракеттеринин натыйжасында жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгына, ошону менен бирге окуу-тарбия процессине активдүү катышып, профсоюз уюмуна мүчө болуу, алардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө жакшы шарт түзүү зарылдына токтолду.

     Мындан ары студенттер профсоюзунун ишин өркүндөтүү, студенттер профсоюзунун массалуулугун арттыруу боюнча ойлорун ортого салды.

     Мындан тышкары профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматовдор профсоюз менен студенттердин байланышын мындан ар тараптуу чыӊдоо боюнча конкреттүү сунуштарын билдиришти. Студенттердин өкүлдөрү да өз ойлору менен бөлүшүштү.

     Жолугушунун катышуучулары ошону менен бирге Университетте уюштурулган «Даанышман» клубунун (шаардагы бардык окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн курама командаларынын) интеллектуалдык оюндарына күбө болушту.

     Жыйынтыгында, жеӊүүчү командалар аныкталып, аларга профсоюздун обкомунун материалдык жана моралдык сыйлыктары тапшырылды.

     Сыйлыктарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов тапшырып, жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү