Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин кезектеги Пленуму болуп өттү

2015-жылдын 10-апрелинде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин кезектеги пленуму болуп өттү. Пленумга областтык профсоюздар Кенешинин төрагасы А.Казаков, район, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары жана областтык комитеттин пленум мүчөлөрү катышышты.

         Пленумдун катышуучулары пленумдун ишин баштардан мурда Борбордук Комитеттин эмгек акылар боюнча адиси К.Ниязбеков менен  телефон аркылуу Кыргыз Республикасынын Окмотунун №404 токтомуна озгортулордун киргизилиши жана ал токтомду мындан ары кантип аткаруу боюнча, Окуу планынын Кут билим газетасына чыккан жаны долбоорундагы сааттардын, предметтердин кыскарышы боюнча талкуу болуп райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагаларынын суроолоруна жооп алынып талкуу жүргүзүлдү.

 

Пленумдун күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:

1.2014-жылда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте билим берүү кызматкерлеринин социалдык жактан коргоодо жүргүзгөн иштери жөнүндө (Жамааттык келишимдердин аткарылышы боюнча анализ),          

2. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук, шаардык комитеттеринин жаныдан шайланган төрагаларын бекитүү,

3. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин курамынын мүчөлөрүн толуктоо,

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VI съездине делегаттарды шайлоо,

5.Баткен областтык профсоюздар Кенешинин         конференциясына делегаттарды шайлоо,         

6. «2015-жылдын мыкты профсоюз уюмунун төрагасы» кароо-сынагын өткөрүү жана жобосун бекитүү.       

Жыйынтыгында маселелер боюнча тиешелуу токтомдор кабыл алынып пленум оз ишин аяктады.

 

 

 

Уюштуруу жана укук иштери боюнча адис                  К.Акимов.