Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитети жаш тѳрагаларга семинар ѳткѳрдү
Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин иш планына ылайык 2015-жылдын 25-ноябрь күнү 35- жашка чейинки баштапкы профсоюз уюмунун төрага, төрайымдарына жана жаштар кенешинин мүчөлөрүнө «Баштапкы профсоюз уюмдарынын иш кагаздары » - деген темада окуу семинары өткөрүлдү. Семинарга жалпысынан 25 профсоюз уюмдарынын жаш төрага, төрайымдары катышышып өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп кетишти.
Кадамжай РПКнын
төрагасы А.Момошев