Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитети тарабынан «Кошумча окутуу» жөнүндө семинар өткөрүлдү

   Билим берүү кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай райондук комитети  тарабынан              27-январь 2016-жылы Б.Айтматов атындагы  орто мектептин  базасында  район аймагындагы  мектептердин  окуу  бөлүмүнүн  башчыларына «Кошумча окутуу» жөнүндө семинар өткөрүлдү .

   Семинарга  мектептин окуу  бөлүмүнүн  башчылары ,билим берүү  бөлүмүнүн  инспекторлору ,методистер катышты -76 адам.

    Семинарда  Билим  берүү кызматкерлердин профсоюзунун Кадамжай райондук  комитетинин төрагасы А.Момошов  Кргыз Республикасынын  Билим берүү жана  илим министирлигинин  кошумча  билим берүү жөнүндөгү жобосуна токтолуп  семинар катышуучуларына  кеӊири түшүнүк берди.

    Тактап айтканда , ал төмөнкүлөргө токтолду:

-- Балдарды  индивидуалдык  (жеке )окууга  тартуу  жөнүндө

-- Кыйын үй бүлөлүк  абалга  кабылган  балдар үчүн  кошумча окуу  жөнүндө

-- Мектепте сабагын  өтө начар  өздөштүргөн  аярлуу  үй бүлөдөн  чыккан  балдарды    

     колдоо, көмөк көрсөтүү керек экендигин

-- Класстан  класска калган  окуучуларга жардам берүү жөнүндө

-- Кыйын турмуштук абалга капталган   балдар учун  кошумча окутуу киргизү керек экендиги  

    жөнүндө

--Кошумча  окутуу үчүн мугалимдерди бекитүү керек экендигине

--Кошумча окутууга тартылган  мугалимдердин айлык акысынын  төлөө жагына

Кошумча  окутууга керектелүүчү кабинет, концтовар,техникалык жабдууларды  каржылоонун  жол жоболоруна  токтолуп, семинар катышуучуларына  ушул иштерди ар бир мектепте жүргүзүү керек экендигине  жана  мезгил мезгили менен  маалыматтарды  берип  туру керектигин айтты.

Семинар катышуучулары  өткөргөн  семинар ото жемиштуу болгондугун белгилешти .