Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин Кызыл-Кыя шаардык профсоюз комитети жыл жыйынтыктоо отурумун өткөрдү

   2017- жылдын 27- январында Кызыл-Кыя шаардык профсоюз комитети жыл жыйынтыктоо отурумун  өткөрдү.                                           

  Отурумда карала турган маселелер:

- Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин 2016-жылы алып барган иштеринин жыйынтыктары жөнүндө                                                                   

 - Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин 2017-жыл үчүн иш планын талкуулоо жана бекитүү.

 Отурумга чакырылгандар- билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана профкомдору                                                                        

               Кун тартибиндеги биринчи маселе боюнча шаардык комитеттин   төрайымы М.Буванова билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун    шаардык комитетинин 2016-жылы алып барган иштеринин жыйынтыктары жөнүндө доклад жасады        

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети       2016-жылы өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын профсоюздар жөнүндөгү мыйзамына, билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин Уставына жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин жобосуна ылайык жүргүзүп келди. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинде акыркы маалымат боюнча 998 мүчөсү бар. Алар 29 баштапкы профсоюз уюмдарына бириктирилген. Алардын ичинде 13 мектептин, 12 бала бакчанын, 4 мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери бар. Баштапкы профсоюз уюмдары отчеттук жылдар аралыгында ишкердүүлүк жана уюштуруучулук сапаты жагынан өсүп,  билим берүү тармагынын өсүп өнүгүшүнө өздөрүнүн алгылыктуу үлүштөрүн кошо алышты. 2016-жылы Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин көрсөтүүсү менен  профсоюз мүчөлөрү төмөнкүдөй сыйлыктарга ээ болушту :

          КРнын профсоюздар Федерациясынын грамотасына  – Салиева Ырысбуу Кадыровна №13 И.Абдырахманов атындагы жатак мектептин мугалими, баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси

          КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун БКнин Профсоюздук кыймылдын мыктысы” төш белгисине – Халикова Бурул       №9 балдар бакчасынын тарбиячысы, баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси, Маматова Диларамхан №4 орто мектептин мугалими, баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси.                                                                                                                                              

         КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Ардак Грамотасына” – Эшанкулова Умугулсун №10 орто мектептин мугалими, баштапкы профсоюз комитетинин мүчөсү,    Тулабаева Асель №4 балдар бакчасынын тарбиячысы баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси.                                                                                                                                                    

          Баштапкы профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында айрыкча жаш профкомдор менен:

  •  Баштапкы профсоюз уюмунун иш планы кандай  түзүлөт
  •  Профсоюздук комитетинин отурумдарынын протоколдору, профсоюз чогулуштарынын өткөрүү тартиби жана токтомдору кандай жазылат
  • Кыргыз Республикасынын  эмгекке жана билим берүүгө тиешелүү мыйзамдары жана нормативдүү актылар менен таанышуу
  • Эки тараптүү келишимдер кантип түзүлөт жана анын аткарылышы.

 темалар боюнча семинарлар өткөрүлүп, профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык- экономикалык жактан укуктарын коргоодо профкомдордун билим деӊгээли жогорулады.

            Азыркы күндө бардык баштапкы профсоюз уюмдары өнөктөштөрү менен биргеликте  мыйзам чегинде келишимдерди эмгек жамааттары менен талкуулап кабыл алууга,   баштапкы профсоюз уюмдарынын иш кагаздары бир кыйла иретке келип, алар менен сабаттуу иштөөгө жетишилди. Эки тараптуу  келишимдер жылдан жылга сапаты жакшырып толукталып мугалимдердин социалдык маселелерин чечүүдө жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Бул келишимдердин негизинде профкомдор:

  • Так жана даана түзүлгөн сабактардын жадыбалын,
  • Эс алуу бөлмөсүн,
  • Мугалимдер бош учурларында эс алып, кийинки сабактарына даярданып отуруштары үчүн жакшынакай жасалгаланган усулдук кабинетин,
  • Кышында жылуу, жарык, коопсуз иш орду болушун, эмгек жамаатында жагымдуу жагдай түзүлүшүн,
  • Эмгек Кодексинин негизинде иштин жүрүшүн
  • Эмгек акылардын туура эсептелишин 
  • Эмгектин корголушун жана коопсуз иш орундары менен камсыздалышын көзөмөлдөйт.

            Эки тараптүү  келишимдерди түзүүдөгү бул кадамдар билим берүү кызматкерлеринин социалдык маселелерин чечүүдө жакшы жыйынтыктарга алып келе жатат.

            Шаардык профсоюз комитети, шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардык мэриянын ортосунда социалдык өнөктөштүк боюнча мыйзамдарга ылайык үч тараптуу макулдашуулар түзүлүп келет. Үч тараптуу макулдашуулардын негизинде :

  • 2016-жылы “Шаардагы билим берүү мекемелеринин өткөн окуу жылындагы жетишкендиктери жана жаңы окуу жылына даярдыктар кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоого жергиликтүү бюджеттен 25 миң сом бөлүнүп берилди.
  • “жылдын мыкты мугалими кароо сынакка катышкан мугалимдерди колдоо максатында 30 мин сом акча каражат бөлүндү
  • Мугалимдер күнүнө карата 60 миӊ сом акча каражат бөлүндү
  • “Абшыр-Ата” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн  балдарына 345 миң сом акча каражат жергиликтуу бюджеттен бөлүнгөн деп билим берүү кызматкерлеринин шаардык профсоюз комитетинин төрайымы М.Буванова белгилеп кетти.

 

                Экинчи маселе боюнча билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин 2017-жыл үчүн иш планын талкуулоо жана бекитүү жөнүндө, ошондой эле  ар түрдүү маселелер каралды  

            Жогоруда айтылгандарды эске алып билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети токтом кабыл алды.

              Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин        2016-жылы алып барган иштеринин жыйынтыктары көнүлгө алынды.

              Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин        2017-жыл үчүн   түзүлгөн  иш планы бекитилди.

Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин 2017-жыл үчүн  штаттык расписаниеси жана сметасы бекитилди.

Туруктуу комиссияларынын 2017-жылга карата түзүлгөн  иш пландары бекитилди.

                  Эӊ эле көйгөй жараткан ден соолукту чыңдоо үчүн санатордук- курорттук дарылануу жана эс алуу жолдомолорунун бөлүштүрүлүшү кезекке ылайык башталгыч профсоюз уюмдарынын токтомдорунун негизинде бөлүнсүн жана көзөмөлгө алынсын деген токтом кабыл алынды.

                  Негизинен профбюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын туура иштетүүсү жана ага так отчетторун алуусу  казначы  Абдиманап кызы Гулмирага  милдеттендирилди.

Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр да мектеп жана балдар бакчасында алып барылган иштерди белгилөө менен бирге  семинарларды өткөрүүсүн сунуштап кетти. Сунуштарды эске алып иш планы бекитилди.