Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын туура төлөнүш абалы жана көйгөйлөрү боюнча тажрыйба алмашуу

    Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2017-жылдагы иш-планына ылайык,  райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын төлөнүш абалы жана көйгөйлөрү боюнча тажрыйба алмашуу, усулдук жардам берүү максатында   Баткен областынын район, шаарларында атайын график боюнча  2017-жылдын 20-апрелине чейин райондук жана шаардык профсоюз комитеттери  арасында өз текшерүүлөр башталды.

     2017-жылдын 13-апрель күнү Баткен райондук профсоюз комитети тарабынан  түзүлгөн комиссия (Баткен обкомунун адиси, Баткен РПКнын техникалык инспектору, райБББнын экономисти, мектептин жана бала бакчанын эсепчилери), Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчилери тарабынан билим берүү кызматкерлерине эмгек акынын, кошумча төлөөлөрдүн, КТУнун төлөнүшүнө мониторинг жүргүзүштү.

    Бул маселенин жыйынтыгы областтык комитеттин апрель айындагы президиумунда каралат. 

Уюштуруу бөлүмү                                     К.Акимов