Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин 48-спартакиадасы жыйынтыкталды

    Лейлек районунун аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринин арасында билим берүү кызматкерлеринин 48-спартакиадасынын райондук туру В.И. Ленин атындагы орто мектебинин базасында өткөрүлдү. Спорттун 5 түрү- волейбол, кичи футбол, стол тенниси, шахмат жана баскетбол боюнча үч аймактын командалары күч сынашышты. Жыйынтыганда ортоңку аймактын командасы жалпы эсеп боюнча 1-орунду камсыз кылышып билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин кубогуна жана акчалай сыйлыгына ээ болушту.

   Аталган иш чарага Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлү А.Жамилов, Лейлек райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы И.Ниязалиева жана Кулунду айыл аймагынын башчысынын орун басары Ж. Абдираимов катышуу менен спартакиаданын ишине ийгиликтерди каалашты.