Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлерине Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо, Жамааттык, үч тараптуу келишимдер, КР Өкмөтүнүн № 473 токтомунун аткарылышы боюнча профсоюздун Сузак райкому аткарып жаткан иш чаралар тууралуу маалымат

       Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитети КР Өкмөтүнүн № 473 токтомунун аткарылышын көзөмөлдөп чыгуу үчүн мектеп директорлорун, баштапкы профсоюз уюмдарынын башчыларына 3 күндүк атайын семинар кеӊешме уюштурду. Кеӊешмеде эмгекчилердин тарификациялярын туура тузулушу, кошумча эмгек акылардын төлөнүшү жана дем берүүчү акылардын мыйзамдуу берилиши жөнүндө Борборлоштурулган бухгалтериянын экономисти Кыргызов Д. жана башкы Бухгалтер Тажибаев А.К. кеӊири маалыматтарды  жана катышуучулар тарабынан берилген суроолорго толук кандуу жоопторду беришти. Райондо жайгашкан 150 билим берүүчү мекемелердин жетекчилери жайгашкан аймактарына жараша 4 тайпага бөлүнүп макулдашуу боюнча лекторлор менен  сүйлөшүп билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жана кетирилип жаткан кемчиликтер жөнүндө кеӊири маалыматтар берилди Атап айтканда райондогу билим берүү тармагындагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жөнүндө Сузак РБББнун башчысынын милдетин аткаруучу Токтогулов Д.К. кеӊири лекция окуду. Билим берүү мекемелериндеги Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча ПРКнын техинспектору Хакимов Л. Толук маалыматтарды берүү менен методикалык колдомолорду ар бир баштапкы уюмга таратты. Жамаатык жана уч тараптуу келишимдер жөнүндөгү темада билдирүүнү ПРКнын төрагасы Исмаилов А.А. баяндап келишимдерду түзүүнүн механизмдери тууралуу сөз кылды. Билим берүү мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыӊдоо мугалимдер үчүн иштөө, окуучулар учун окуу шарттарын түзүү боюнча ПРКнын Президиумунун мүчөсү Орозалиев А.Д. семинардын катышуучулары менен кеӊири баарлашуу жүргүздү. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын башчыларынын милдеттери жана укуктары лекциясын Сузак РБББнын адиси Тажидинова Ш окуду. Семинар кенешмеге район боюнча 422 адам катышып жыйынтыгында ушундай биргелешкен семинар кенешмелерди уюштуруп өткөрүп жаткан Райком профсоюзга өз ыраазычылыгын билдирди.

 

 

 

Сузак ПРКнын төрагасы:                                         Исмаилов.А.А.