Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлер арасында спорттук мелдеш

   Билим беруу кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитети тарабынан 30-апрель күнүн  1-май эмгекчилердин майрамына жана 5-май Кыргыз Республикасыны Конституциясынын күнүнө карата  райондогу билим берүү уюмдарында эмгектенген  билим берүү кызматкерлер арасында волейбол, шахмат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.

   Спорттук мелдешке райондогу билим берүү уюмдарынан  14 айымдар, 8 мырзалар командасы катышты.  Жыйынтыгында  айымдар арасында I орун №1 Макмал , II орун №13 М.Жаныбаева,  III орун №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчуү орто мектептеринин командалары ээ болушту. Ал эми мырзалар арасында I орун №5 Барктабас жана №11 Саймалуу-Таш  орто мектебинин курама командасы, II орун №2 А.Абдраимов, III орун  райондук балдар спорт мектебинин командалары ээ болду.

   Шахмат оюну боюнча  I орун айымдар арасында  №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими  Бакасова Нурлана  жана мырзалар арасында Аскалы башталгыч  мектебинин мугалими Жунусов Курманбек  жеӊип алды.

   Спорттук мелдештин жыйынтыгында  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, райком профсоюздун төрагасы З.Ажыбаев куттуктап  жеӊүүчү командаларга билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  райондук комитети тарабынан диплом жана  акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

                                          Тогуз-Торо райком профсоюзу