Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Алай райондук комитетинин акыркы жылдарда жүргүзгөн иштери боюнча м а а л ы м а т

 

Ош облусунун Алай районунда 53  мектеп, 20  балдар бакчасы жана 3 мектептен тышкаркы мекемелер болуп баары 76 баштапкы профсоюз уюмунда 2716 профсоюздук мүчөсү  бар.

         Кыргыз Республикасындагы көптөгөн укуктук, нормативдик документтерге жана мыйзамдардын базасын документ катары пайдалануу менен аларды ар бир баштапкы уюмга жеткирүү менен профсоюздун Алай райондук комитети укуктук жана социаладык – экономикалык жактан колдоодо бир топ иш аракеттерди жүргүзүү менен борбордук комитет белгилеген орчундуу милдеттерди аткарып келүүдө.

         Аталган документтерге  ылайык биздин райондун бардык билим берүү мекемелеринде 68 жана  80 күндүк  отпускаларга,  чыгуу  100% эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жөлөк пул төлөө жана акысыз медициналык  кароодон өтүү көп жылдардан бери практикаланып келүүдө.

         Айрыкча 2010-жылдардагы эмгек акыларды көбөйтүү жана реформа жасоодогу республикалык кыймылга кошулуп, райондук штабдын кабыл алган талаптарын өзүбүздүн атайын өкүл аркылуу республикалык штабка билдирип турдук.

           Айрыкча 2014-жылдын башында СССРди бѳлүп жарып кеткендей  жаӊы күчтѳр пайда  болуп ѳздѳрүн Кыргызстандагы профсоюздар конфедерациясынын   ѳкүлдѳрүбүз деп аташып,  биздин профсоюдарды да  ѳз катарына  алууга аракет жасашты.  Бүткүл ѳлкѳдѳгү билим  берүү  профсоюздарындай эле биз да интернет аркылуу татыктуу жооп бере алдык. Ага жооп катары айыл окуругдарынан кошулган  12 балдар бакчасынын жамааты,  53  мектептин техникалык кызматкерлеринин  баары ѳздѳрүнүн чогулуштарын ѳтүп, билим берүү  профсоюзунун катарына ѳтүү    жөнүндө токтомдору менен колективдүү арыздарын кыска аралыкта беришти.  Бишкектен 1800 жаӊы профсоюз билеттерин алып келип, баштапкы уюмдарга таркаттык . Натыйжада биз билим берүү профсоюзун ыдыратпай сактап кала алдык.

         2013-жылы борбордук комитет тарабынан   уюштурулган «Кесиби боюнча мыкты»  сынагында  Алай районунун  өкүлү  Сыдык Мамыров  облустук сынакта  I орунду ээлеп, Республикалык сынакта  алдынкы орунду ээлөө менен «Профсоюздук кыймылдын  отличниги»  төш белгиси менен кезексиз  сыйланды.

         Профсоюз мүчөлөрүнүн эс алуусун уюштурууда  Алай районунда жөнгө салынып, областтык  жана Республикалык профсоюздардын   Борбордук  комитети менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

         Ар жыл сайын  Ысык –Көлдүн   «Академия наук»,  «Ала-Тоо»,  «Чолпон  Ата» эс алуу жайларында жүзгө жакын мугалимдердин эс алуусун уюштуруу менен аларга  акчалай материалдык  жардам уюштурулуп келүүдө.

         Алай районунда стационардык  балдар эс алуу жайлары жок болгондуктан  социалдык жактан колдоого  муктаж болгон   балдарды күндүзгү  эс алуу жайларында тейлөөнү райондук профсоюз комитети 2014-жылы уюштуруп 150 бала эс алды.Мугалимдер арасында өткөрүлгөн спорттук мелдеште райондун командасы облустук спартакиядаларда  жыл  сайын I орунду ээлеп келишет.

         Ал эми Республикалык этапта  ордо боюнча 2013-жылы  I,  2014-жылы II орунду ээлөө менен  спорт чебери деген нормативди толтура алышты.

         Профсоюздун Алай райондук  комитетинде азыркы мезгилде бардык жаӊы компьютердик   технологиялардын (орг. техникалардын  түрү)  алынып,   электрондук  почта менен интернет каражаттарын пайдалануу колгоо алынган.

          Борбордук комитеттен келген бардык нормативдик документтерди тез арада алып  периферияларга  жеткирүү менен кайра жоопторду билдирүү  менен эки тараптык үзгүлтүксүз байланыш   түзүлгөн.

         Райондук профсоюз комитети эмгекчилерди социалдык укуктук, экономикалык жактан колдоо, баардык бийлик бутактары менен социалдык өнөктөш катары мамиле жасоо аркылуу профсоюздардын  биримдиги  жана мамлекеттин тынчтыгы  үчүн конструктивдүү иш алып бара берет.        

 

 

Профсоюздун Алай райондук

       комитетинин  төрагасы:                                                       А.К.Абдыкадыров