Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин областтык спартакиадасы өткөрүлдү

 

2014-жылдын 14-июнунда Кадамжай районундагы Таш-добо орто мектебинин базасында Билим берүү кызматкерлеринин (волейбол боюнча) спартакаиадасынын областтык туру өткөрүлдү. Буга чейин бул спартакиада областтын район, шаарларында өткөрүлүп, жеӊүүчүлөр областтык турга катышышты.

Бул спартакаиаданын негизги максаты мугалимдер арасында сергек жашоону жайылтуу, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана жеӊүүчүлөрдү республикалык спартакиадага жөнөтүү жана окуу жылынын аягында мугалимдердин кичине болсо да спорт менен эс алдыруу болду.

         Мугалимдердин областттык спартакиадасын КРнын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укутуу өкүлчүлүгү, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети, билим берүү округу жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү  биргелешип өткөрүштү.

Жеӊүүчүлөргө КРнын Өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн дипломдору КРнын Өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн, областтык профсоюз комитетинин, жана билим берүү округунун акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Жеӊүүчүлөр 2014-жылдын 22-июнунда Ысык-Кол областында болуучу Республикалык спартакиадага катышууга укук алышты.

 

 

Баткен областтык профсоюз

комитетинин уюштуруу иштери

боюнча адиси                                                   К.Акимов