Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук профсоюз комитетинин II кварталындагы президиумунун отуруму
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук профсоюз комитетинин II кварталындагы президиумунун отуруму 2013-жылдын 10- июлунда өткөрүлдү. Президиумга чакырылган президиум мүчөлөрү жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Маматалиев Муктар Абдырайымович катышышты. Төмөндөгүдөй күн тартибиндеги маселелер каралды:
- БПКнын “ Иштерман жылына” карата түзүлгөн иш- чараларын турмушка ашыруу жөнүндө.
- Районубузда “ Жылдын мыкты мугалими-2013” сынагынын өткөрүлгөндүгү жөнүндө.
- Кызматкерлердин арасында райондук спартакиаданын өткөрүлүшү жана сарпталган каражатын бекитүү жөнүндө.
- Районубузда “ Жылдын мыкты мектеби-2013 ”, “ Жылдын мыкты балдар бакчасы-2013 ” сынагынын өткөрүлүшү жөнүндө.
- Ош облусундагы өткөрүлүүчү мугалимдердин спартакиадасына Ноокат райондук курама командаларын катыштыруу жөнүндө.
- Ноокат районуна караштуу билим берүү мекемелеринин Б.П.У. төрагаларына, мектеп директорлоруна жана айыл округдарынын эсепчилерине аймактык түрүндө профсоюздук окуу семинарларын уюштуруу жөнүндө.
- Ноокат районунун билим берүү мекемелерин жаңы 2013-2014- окуу жылына карата даярдоодо жалпы билим берүүчү мектептер жана балдар бакчалар арасында өзгөчө багыттагы номинациялар боюнча кароо-сынакты жарыялоо жөнүндө.
- Кызматкерлердин жана анын үй- бүлө мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусун уюштурууда жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маселелер каралды жана отурумдун өткөрүлүшү боюнча жакшы сунуш – пикирлер айтылды.
Президиумду РПКнын төрайымы С. Шанабаева алып барды. Ал эми маселе боюнча маалыматтарды президиум мүчөлөрү даярдашты.