Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү ардагерлерине таазим!

2014-жылдын 10-январында Кочкор-Ата шаарынын №14 Губкин атындагы орто мектебинде Ноокен районунун билим берүү тармагынын ардагерлерине "Билим берүүнүн ардагери" төш белгисин тапшыруунун салтанатуу аземи болуп өттү. Азем 2-бөлүктөн туруп, 1-бөлүгүндө райондогу 55 мекетептин директорлорунун, райадминистрация башчысынын орун басары Н. А. Бекжигитова, райБББнун башчысы Б.С. Козуевтердин катышуусунда 24 ардагерге жаны уюштурулган "Билим берүүнун ардагери"   төш белгилери райБББнун мурдагы башчыларына, райондук проюсоюздук комитеттин төрагаларына, райБББнун мурдагы адистерине, мурдагы директорлорго, мугалимдерге тапшырылды. 2-бөлүгүндө 24 ардагерлердин иштери жөнүндөгү слайддар берилип, арноо ырлар, куттуктоолор менен коштолду. Ардагерлер райБББно жана райондук профсоюздук комитетке жаңы демилгелери жана сыйлары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. №001 күбөлүк жана төш белги райБББнун мурдагы башчысы Шеров Орозбай  Шабдановичке берилди.



№1 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин Информатика мугалими Орунбаев Замирбек.