Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим сапаты—учур талабы Кара-Көл шаарынан республикалык олимпиадага ат салышты

Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Байышбек кызы Айданек жана Фрунзе атындагы №3 орто мектептин 11-классынын окуучусу Султаналиева Алиялар  республикалык олимпиадада ат салышты.

Бул окуучуларды таптаган  орус класстарга сабак берген №3 орто мектебиндеги жаш орус тилчи мугалим Адегамова Эльвира Мингараевна келечегинен көптү үмүттөндүргөн изденгич  жана чыгармачыл экенин, окуучуларга тил үйрөтүүдө өзгөчө чебердикти өздөштүрө алгандыгын белгилеп кетүүгө акылуубуз. Ал эми №1  мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалими Тагаева Рахат Аралбековна да шаардагы алдыңкы мугалимдердин катарын толуктап, жаштайынан утуру жаңы ийгиликтерге умтулуп иштеп келе жатканын белгилей кетели.

  Ал эми Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын математикадан сабак берген алдыңкы мугалими Чыналиева Эльнура даярдаган 5 окуучу алтынчы класстар арасында математикалык олимпиаданын(АКМО) 1-турунан өтүп, областтык 2-турдан 3 окуучусу биринчи жана экинчи орундарды ээлеп, республикага жолдомо алышты.

 Албетте биз сыймыктанган бул окуучулардын өздөрүнүн билим сапарында башкалардан өзгөчөлөнүп алдыга умтулуп келаткандыгынын өзү эле мамлекетибиздин келечеги үчүн алдыңкы сапта турган жаштардан колубуз куру эмес экендигинин далили эмеспи. Анүчүн биз баарыбыз ушундай урматтуу жана сыймыктуу келечек ээлеринин катарын өстүрүүгө өз салымын кошуп жаткан Тагаева Рахат, Адегамова Эльвира, Чыналиева Эльнуралар менен сыймыктанабыз жана алар билим-тарбия берип окуткан балдар  өздөрүнүн билими, шык-жөндөмү менен элдин келечеги үчүн чоң-чоң иштерди кылат деп күтөлү да аларга узун өмүр,  таалайлуу жашоо каалайлы.