Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим күнү – ЖАМУда!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 1-сентябрь – Билим күнүнө карата кызматкерлердин кесиптик бирлик комитети менен биргелешип уюштурулган салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын гимнинин аткарылуусу менен шаңдуу башталды.  Университеттин ректору, техника илимдеринин  доктору, профессор Усенов Кеңешбек ары багыт берип, ары талап коё билип,  бардык катышуучулардын көңүлүн улай куттуктап сүйлөгөн мазмундуу сөзү ар бирибиздин көңүлүбүздү көкөлөттү.

Айрыкча биринчи курска жаңы кабыл алынып жаткан студенттерге кайрылып, алардын тандоосун баалап, жүз жылдык кылымга тете тарыхы бар окуу жайда билим алуу үчүн  түзүлгөн шарттар, мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кыскача маалымат берип, Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 291 балл алып, ЖАМУнун  “Математика” адистигине каттталып, кабыл алынган  студент Асанбай кызы Кенжегүлгө “Билим ачкычын” тапшырды. Ал мектепте алган билимин пайдубал катары баалап, курбуларын талыкпай билим алууга үндөдү.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетин  кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы, Президенттик стипендиант бүтүрүүчүбүз  Усенов Адилет өзүнүн студенттик күндөрүн сыймыктануу менен эстеп, окуу жайда жаштар канатынын иш аракеттерине токтолуу менен жаштарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, татыктуу билим алып, келечекке ишенимдүү кадам таштоого чакырды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети