Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Билим күнү» салтанаттуу белгиленди

2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын бардык окуу жайларында “Билим күнү” майрамы алтанаттуу белгиленди. Ноокен районундагы Якубжан Мирзаходжаев атындагы №29 жалпы орто билим берүүчү мектебинде майрамдык салтанат өзгөчө шаң менен өттү. Иш-чарага 1-11-класстардын окуучулары, мугалимдер, ата-энелар, областтан, райондон, айыл өкмөттөн келген меймандар катышты. Мектептин директору Х.Абдувахапова салтанатты куттуктоо сөзү менен ачты.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин укук жана эмгек боюнча башкы инспектору А.Айдаров, Ноокен районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары К.Бакиров,Эмгек ардагери Р.Азизов, Масы айыл Өкмөтүнүн адистери Б.Минбаева, М.Нарбаев, ата-энелерден Б.Тойчукулов, ардагер мугалим А.Нуримовалар катышуучуларды кызуу куттукташды.

Окуучулар тарабынан берилген чакан концерт майрам ээлерин маанайын көтөрдү. Мектептин жетекчилиги жана кесиптик бирлик уюму мектептин окуу материалдык базасын чыңдоого көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык каттарын тапшырышты. Катышуучуларга 1-класс окуучулары куттуктоо ыр-бийлерин тартуулашты.

Биринчи коңгуроо чалынып, 140 окуучуну биринчи класска 9-11-класстардын окуучулары окуу кабинеттерге салтанаттуу алып киришти.

Маалыматты даярдаган: Ноокен районунун №29 Я.Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы Д.Абдувахапова