Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Билим кербени" аттуу окуу-семинары

2021-жылдын 24-25-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту тарабынан уюштурулган "Билим кербени" аттуу окуу-семинары Түп районундагы М.Элебаев атындагы инновациялык мектебинин базасында өткөрүлдү. Окуу семинарга мектеп директорлу, окуу бөлүмүнүн башчылары, математика, информатика, орус тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, химия, биология предметтери боюнча жалпы 250 мугалим катышып, институттун профессор, академиктери 72 сааттык окуу өткөрүштү.

Окуу курсунун ачылыш аземине райондун акими Б.Акимбаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Такаев, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы М.Сыдыков катышышып семинардын ишине ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле эки күндүк семинарга катышкан мугалимдердин жана окутуучулардын  түшкү тамак-ашы райондук профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп берилди жана семинар окуу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

 

 

Материалды даярдаган: Түп райпроф комитетинин төрагасы М.Сыдыков