Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим дүйнөсүн ачкан- мугалим

  2018-жылдын 9-октябрында Лейлек районунун  Исфана шаарындагы “Ак - Бата” кафесинде мугалимдердин кесиптик майрамына карата Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети тарабынан салтанат уюштурулду.  Аталган иш чарага Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. А. Бекмуратов, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимнин орун басары М.Ж Ташполотова, айыл аймагынын башчылары, ардактуу эс алуудагы мугалимдер жана райондун аймагындан чакырылган  300 мугалимдер катышышты.

  Салтантаттын жүрүшүндө чакырылган коноктор Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төш белгилери, “Ардак грамоталары”, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын, айыл аймактарынын  жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн  “Ардак Грамоталары “ менен сыйланышты.