Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим-бийик, мугалим-ыйык

    2016-жылдын 4-октябрында Кочкор районунда мугалимдердин кесиптик майрамы  салтанаттуу белгиленди.

    Мугалимдердин кесиптик майрамына карата иш  чара  Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин жыйындар залында ѳткѳрүлүп,  салтанатка 300 дѳн ашуун педагогикалык кызматкерлер катышты.  Салтанатты  Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Керимкулов Нурлан Бейшенбекович, акимдин орун басары Садыкова Элмира Аманатовна,  Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу  Ибраева Венера Назарбековна, Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин тѳрагасы Темиров Акин Темировичтер ачып мугалимдерге жүрѳктѳрүнѳн чыккан эң жылуу сѳздѳрүн айтып, куттукташып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» тѳш белгисин,  Ардак грамоталарын жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын тапшырышты.

   Андан соң  сѳз кѳп жылдар бою билим берүү  тармагында иштеп, азырку учурда ардактуу эс алууда жүргѳн агай-эжейлерге берилип, алар куттуктоо сѳздѳрү менен бирге эмгек жолун жаңы гана баштаган  жаш мугалимдерге ак баталарын берип, каалоо-тилектерин айтышып,  профсоюздун акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

   Мындан тышкары  бир катар мугалимдерге жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу үзүрлүү эмгектери үчүн  Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн  Ардак грамоталары жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

   Сыйлык-жалкы, сыймык -жалпы  дегендей  салтанаттын катышуучуларын  Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин ѳнѳрлүү мугалимдери жана окуучулары куттукташып, ѳз ѳнѳрлѳрүн тартуу кылышты.

 

 

                                                    Астра Асаналиева

                               Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

                                Окуу-методикалык кабинетинин башчысы