Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүүчү уюмдарында айлана чөйрөнү көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат

№7 Нагима мектепке чейинки билим берүүчү уюмунда жаш көчөттөрдү отургузу иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Бала бакча жетекчиси тарабынан багбанчылык боюнча долбоор жазышкан, ошонун негизинде  адистер келип  бала бакчанын айлана тегерегине 500 гө жакын көчөттөрдү отургузуу боюнча иш-чараларды өткөрүп жатышкан кез. Келечекте бала бакчанын короосунда пайдалуу түркүн дарактар өсүп, бакчанын көркүнө көрк берип, ошол эле учурда жаш бөбөктөргө керектүү витаминдерге бай жемиштер менен камсыз кыла алышат. Иш-чарага баштапкы  кесиптик уюмдун төрайымы, бала бакча кызматкерлери, адистер, айылдагы багбандар катышышты.

Адистер  бала бакчанын короосуна  көчөттөрдү отургузуп жатып,  айылдагы багбанчылык  менен  алектенген багбандарга да көчөттөрдү тандоо, отургузу боюнча окутуп,  пайдалуу иштерди жасап жатышат.

 

 

Материалды  даярдаган:  К.Асыранкулов