Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жумгал райондук комитетинин төрайымы Бегимкан Абировна Жамантаевага

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жумгал райондук комитетинин төрайымы

Бегимкан Абировна Жамантаевага

 

 

 

Урматтуу Бегимкан Абировна!                                 

     Кыргыздарда илгертен калың элдин оозунда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазага алынган. Андагы Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Жаңыл Мырза сыяктуу кыргыз кыздарынын жандуу образы менен жаңы муун тарбияланып келе жатат.

     Тарыхта урууга, аймактагы элге башчылык кылган кыргыз аялдарынын ысымдары көп кездешет. Ошондой эле ХIХ кылымда Кокон хандыгынын ордосунда зор таасирге ээ  болгон Жаркын айым, Зыяда датка, Таластагы Ажыбек датканын байбичеси Ак Суусар, Көлдө таланты менен таанылган Бурулча, даңкы көп жерге жеткен Курманжан датка сыяктуу аял башкаруучулар болгон.

     Эгемендик жылдарында да мындай асыл салт улантылып, мыкты кыздарыбыз ар кыл жетекчилик кызматтарда ийгиликтүү иштеп жатышат. Алардын бири-Сиз, урматтуу Бегимкан Абировна, биздин тармактык профсоюзубуздун Жумгал райондук комитетин бир катар жылдардан бери жетектеп келе жатасыз. Биз Сизди профсоюздук уюштуруучулук, аткаруучулук жана көзөмөлдөөчү иштерди ырааттуу жана пландуу жүргүзө билген мыкты жетекчи катары баалайбыз. Ишке берилгендигиңиз, социалдык өнөктөштөр менен пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө жетишкендигиңиз менен райондо мугалимдердин жана тарбиячылардын укуктары жана кызыкчылыктары дайыма ар тараптан коргоого алынып келатат.

     Мына май айынын башында Сиз ардактуу жашка чыгып, маанилүү мааракеңизди белгилеп жатасыз. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, облрайшааркомдору, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы Сизди мааракеңиз менен ак дилден куттуктайбыз! Бекем ден соолукта болуу менен узак өмүр сүрүп, эл кызматынын алдыңкы чегиндеги ишиңизди ийгиликтер коштосун!