Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук Комитетинин III пленуму өткөрүлдү

Иш-планга ылайык 16-ноябрь күнү обкомдун III Пленуму өткөрүлдү. Анын ишине обкомдун мүчөлөрүнөн 25 катышса, 4 жүйөлүү себептер (оору) менен катышкан жок.

Пленумдун күн тартибинде «Билим берүү, илим кызматкерлеринин жана студент жаштардын укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү  боюнча БКнын Ысык-Көл облусунда өткөн көчмө пленумунун (23.08.2018-ж.) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндөгү»  маселе каралды.

Пленумдар аралыгында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө обкомдун төрагасы А.Исмаилов баяндама жасады.  Ал слайддар менен коштолду.   

Баяндаманын  талкуусуна Профсоюздун Чаткал райкомунун  төрагасы Ы.Кудайбердиев, Ала-Бука районундагы А.Ботоев атындагы орто мектептин директору,социалдык-өнөктөш К.Кутманова, Аксы районундагы Ш.Тойматов атындагы орто мектептин мугалими, обкомдун мүчөсү Б.Орункулов, профсоздун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышановдор катышышты. 

Жарыш  сөзгө чыккандар учурда билим берүү кызматкерлеринин айлык  маяналары башка тармактагыларга салыштырмалуу төмөнүрөөк экендигин, облустагы айыл өкмөттөрдүн басымдуу  көпчүлүгү дотацияда болгондуктан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгу» мыйзамынын   32-статьясынын негизинде жаш адистерге кызмат акынын 10 эселенген өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү пособиени Республикалык бюджетке которуу маселесинин зарылдыгын белгилешти.

Каржылык мүмкүнчүлүгү бар айыл өкмөттөрү тарабынан 10 эселенген айлык маянанын өлчөмүндө пособие төлөнсө, ошол эле учурда башка айыл өкмөттөрүнүн төлөөгө кудуретсиз экендиги белгиленди.

Мындан тышкары пенсияга чыгуу жашын төмөндөтүү, акчалай өлчөмүн көтөрүү маселеси да козголду.      

Ипотека системасы менен турак-жай алган билим берүү кызматкерлеринин реалдуу айлык маянасы, алардын үстөк пайыздарын төлөөнүн мөөнөттөрүн макулдашуу менен жүргүзүү туура болот деп айтышты.

Ошону менен бирге билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети Ысык-Көл облусунда өткөргөн көчмө пленумунун (23.08.2018) материалдарында белгиленгендей, жетишкендиктерди бекемдеп, жол коюлган кемчиликтерди четтетүү, Ысык-Көлдүк кесиптештердин алгылыктуу жактарын, тажрыйбасын облуста тармактык профсоюздун бардык деӊгээлдеги  уюмдарында пайдалануу жагы сунушталды.

III Пленумдун баяндамасы боюнча чыгып сүйлөгөн жолдоштор пленумдар аралыгында обком тарабынан аткарылган иштерге оӊ баа беришти.

Баяндамадан тышкары Т.Исраилов, А.Дурусалиев, А.Орозалиев, К.Нышанов, С.Камчыбеков ж.б. обкомдун мүчөлөрү мындан ары президиумдун, пленумдун ишин өркүндөтүү боюнча өздөрүнүн баалуу ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Айтылган баалуу сунуштар, айрым сын пикирлер, жалпы эле пленумда каралган маселе боюнча обком тарабынан кеӊейтилген     иш-чара кабыл алына тургандыгы белгиленди.

Пленумдун  соӊунда токтомдун долбоору алымча, кошумчалар менен толукталып, кабыл алынды.

Пленумдун ишин обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барды жана жыйынтыктап сөз сүйлөдү.

 

                         Обкомдун пресс-катчысы:

М.Абдыкадырова