Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинин алдыдагы максаттары жана милдеттери

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин VII съезди  2020-жылдын 3-мартында тармактык профсоюздун эң жогорку башкаруу органынын делегаттары жана конокторунун катышуусунда өткөрүлдү.Бул съездде 2015-2019-жылдар арлыгында аткарылган иштердин отчёту берилип,профсоюз мүчөлөрүнүн уюмдашуу жагдайынын сандык өсүшкө ээ болуусу,жаштар менен иштөө алардын укуктарын коргоо,ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштери колго алынгандыгы баса белгиленди.Ошондой эле профсоюз уюмдарынын алгылыктуу аракеттеринин натыйжасында социалдык өнөктөштүк мамилелери чыңдалып,республикалык,областтык,шаардык,райондук,мектептик,бала бакчалык башка уюмдук макулдашуулар жана жамааттык келишимдер түзүлүп,аткарылышы көзөмөлгө алуу жактары жолго коюлгандыгы мындан нары дагы күчөтүлөөрү айтылды.

Съезддин күн тартибинде каралган маселерди угуп,катышкан жалпы делегаттар профсоюз уюмунун алып барган иштери канааттандырарлык деп табышып алдыга койгон максаттары жана милдеттерди ишке ашыруунун жолдорун ачык айтышып,жер жерлерде баштапкы профсоюз уюмдарына жеткирүү жагына милдеттенип кайттык.

Биринчиден профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,эмгек мыйзамдуулугунун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү.

Экинчиден профсоюз мүчөлөрүнүн жана алардын балдарынын жайкы эс алдырууга,дарылоого жана ден соолуктарын чыңдоого,массалык маданий иштерди уюштуруу,туристтик жүрүштөрдү уюштуруу аркылуу жашоонун сергек мүнөзүн жайылтуу жаатында активдүүлүктү арттыруу.

Үчүнчүдөн бирдиктүү маалымат системасын түзүү,аткарылган иш аракеттерди ММКда тез жайылтуу,профсоюздун кадыр-баркын коомчулукта көтөрүү багытында иштерди алып баруу,маалымат иштерин жогоркуу деңгээлде уюштуруу,коомчулук менен тыгыз байланышта болуу.

Төртүнчүдөн профсоюз мүчөлүгунө өткөн жаштар менен маалымат аянтчасын түзүү,аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү,укуктук жактан окуу семинарларын өткөрүү жактарын жакшыртуу

Бешинчиден эл аралык профсоюздук байланыштарды уюштуруу,ар кыл иш чараларына активдүү катышуу,тиешелүү тажрыйба топтоо биздин негизги милдеттерибиз болуп саналат.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин атынан 2020-жылдын 3-мартындагы VII съезддин жыйынтыгы менен  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин төрагалыгына Асылбек Токтогулович Токтогуловдун 5 жылдык мөөнөткө кайрадан шайланышы менен ак ниеттен куттуктайбыз,Сизге чың ден соолук,иштериңизге ийгилик,үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!

 

Материалды даярдаган:

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы

Э.Ж.Эгизалиева