Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин конференциясы болуп өттү

Базар-Коргон районунун А.С.Макаренко атындагы №1 гимназия мектебинде, 2020-жылдын 23-декабрь күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин 5-райондук отчеттук-кайра   шайлоо  конференциясы болуп өттү.

Конференцияга  Кыргыз  Республикасынын  Билим   жана  илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук Комитетинин   төрагасы                        А. Т.  Токтогулов,  Жалал-Абад  обкомунун төрагасы  А. А.Исмаилов,  Базар-Коргон  райондук   мамлекеттик  администрациясынын башчысы-аким  Б.С.Козуев, райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  С.К.Сариев , райондук билим берүүчү  уюмдарынан  51 делегат  жана меймандар катышты.

        Конференциянын күн тартибинде төмөндөгүдөй маселелер каралды:

-     Базар-Коргон райондук комитетинин  2015-2019-жылдары ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчет,

-    райондук текшерүү комиссиясынын отчету,

-     Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон        райондук комитетинин мүчөлөрүнүн курамын бекитүү,

-    райондук текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн бекитүү,

-    Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасын шайлоо,

-    Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук президиумунун жаңы  курамын бекитүү.

      Райкомдун төрагасы С.С.Жаркынбаев 2015-2019-жылдарда жүргүзүлгөн иштер боюнча доклад окуп, кеңири маалымат берди. Ошондой эле текшерүү комиссиясынын төрайымы 5 жылдык мезгилдеги  иштери  боюнча отчетун билдирди.

      Жарыш сөзгө  П.Кахаров, М. Кадиров, Г.Ергешева, А. Исакова, Т.Оморов чыгып сүйлөштүү.         

      Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагалыгына талапкер  С.Жаркынбаев сунушталды.

       Делегаттар,  5 жылда жүргүзүлгөн иштер боюнча отчетторго жакшы бааларын жана  пикирлерин билдиришип, ачык добуш менен  Базар-Коргон райондук комитетинин төрагалыгына  Жаркынбаев Сүйүнбек  Сарыевичти  бир  добуштан  колдоп, шайлашты.  Ошондой эле, ачык добуш менен  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин , текшерүү комиссиясынын жана президиумдун жаңы  курамдары  бекитилди.

        Борбордук Комитеттин  төрагасы Асылбек  Токтогулович  төрага  С.С.Жаркынбаевти  шайланышы менен куттуктап, келечекте жакшы иштерди жүргүзүүнү  айтты жана делегаттардын ишенимин алуу чоң бакыт экендигин, ишенимди акташ керектигин билдирип, шайланган төраганын иштерине ийгиликтерди каалады.

       С.С.Жаркынбаев   келген меймандарга,  делегаттарга  ыраазычылык  билдирип, рахматын айтып,  алдыда  талыкпай иштеп берерин билдирди.

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов