Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ ЖАНА ЭЛ ӨКҮЛҮНҮН ЛЕЙЛЕККЕ ИШ САПАРЫ

2024-жылдын 19-январь күнү Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Ай-Көл айылында чоң салтанат болуп өттү. Анткени бул айылда жайгашкан Наркозу Батыров атындагы эски мектептин ордуна 225 орундуу жаңы мектептин имаратынын курулушун баштоо аземи уюштурулду. 

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Миргүл Темирбаева, Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министри Доктургул Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канымет Осмонбеков жана тийиштүү жетекчилер, жергиликтүү тургундар катышышты. 

Келген коноктор курулуштун пайдубалына капсула салышып, курулуш иштерине, мектептин эмгек жамаатына ийгиликтерди каалашты. Мындан сырткары ошол эле айылдагы “Ай-Көл” балдар бакчасынын авариялык абалынан  кабар алып, ишмердүүлүгү менен таанышып, жаңы бала бакчанын имаратын салуу боюнча дагы  иш планга киргизе тургандыгын белгиледи. 

Эскерте кетчү жагдай, бул мектептин имараты 1954-1955-жылдары малчылар үчүн үй катары салынып, 1981-1983-жылдары кошумча 5 класстык каана курулуп берилген. Азыркы учурда мектептин имараты жараксыз абалга келип, окууга кыйынчылыктарды жаратып келген. Мектепте 284 окуучу билим алып, 31 мугалим иштейт.

Андан соң эл өкүлү менен Билим берүү илим министри Раззаков шаарындагы  райондук маданият үйүндө Лейлек районундагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери менен жолугушту. Жыйынга райондун аймагындагы 66 орто мектептердин директорлору, 54 бала бакчалардын башчылары жана райондун 100гө жакын мугалимдери катышты. 

Анда КРнын Билим берүү министри өзүнүн план-программаларын айтып, мугалимдердин билим берүүгө тиешелүү болгон ар кандай маселелери боюнча суроолоруна жооп берди.  

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратовдун айтымында Д.Кендирбаеванын Лейлек районуна болгон эки күндүк иш сапарынын максаты районубуздагы чек ара аймагында жайгашкан билим берүү тармактарында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Президентибиздин,   КР Министрлер Кабинетинин чыккан токтомдорунун   ишке ашырылышы боюнча жеринде таанышуу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутат Миргул Темирбаева райондун мектептеринин жана бала бакчаларынын көйгөйлөрүнө токтолуп, жыйынга катышкан мугалимдердин жана тарбиячылардын суроо-талаптарын түздөн-түз Билим берүү жана илим министрине узатып, алыскы Лейлек районунун мугалимдеринин жана тарбиячыларынын көйгөйлөрүн көтөрүп чыкты. Мындан тышкары, 2022-2023-окуу жылынын көрсөткүчтөрүнө жана жалпы республикалык тестирлөөдөгү жетишкендиктерине көңүлүн буруп, 40тан ашуун мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айым депутаттарынын форумунун “Ардак грамотасын” тапшырды. Ошондой эле, депутаттын демилгеси менен заманбап компьютердик жабдуулар менен “Жаш-Тилек” жана “Маданият” орто мектептерине тапшырылды. 

Андан сырткары, Билим берүү министри Раззаков шаарындагы "Баластан" балдардын билим берүү чыгармачылык борборунун эмгек жамааты менен жолугушту жана борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

 

Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси - Бердиева Гулназа