Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү мекемелеринде Жарандык коргонуу планын ишке киргизүү иш чаралары болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылдын 23-апрелиндеги  №428 буйругунун 12-пунктуна ылайык, КР ӨКМнин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгы жана Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо Борбору тарабынан жалпы билим берүү мекемелеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде Жарандык коргонуу планынын долбоору иштелип чыгарылган. Жогорудагы буйруктун негизинде бүгүн Ноокен району боюнча ӨКБ нүн ЖК бөлүмчөсүнүн башчысы капитан Т. Жоробаев Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө болуп, мектеп жана балдар бакчалары менен Жарандык коргонуу планын ишке киргизүү боюнча иштер уюштурулду. Андан сырткары  “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептери үчүн кырсык тобокелин азайтуу боюнча колдонмо” таратылып берилди. Бул колдонмодо Жарандык коргонуу боюнча мектептерге  керектүү бардык иш кагаздар чагылдырылган.

Ноокен райКБКнын инспектору

Т. Бакиров