Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин социалдык экономикалык, укуктук таламдарын коргоодо жамааттык келишимдердин орду жана ролу

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин  2018-жылдагы иш планын декабрь айындагы президиумунда каралуучу «Баткен райондук жана Баткен шаардык профсоюз комитеттеринин билим берүү кызматкерлеринин социалдык экономикалык, укукттук таламдарын коргоодо жамааттык келишимдердин аткарылышы боюнча жүргүзгөн иштеринин усулдук формалары жөнүндө” маселе боюнча  Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринин профсоюз комитеттеринин иштери каралып чыкты.

2018-жылдын 29-ноябрь күнү областтык профсоюз комитети тарабынан президиумдун маселесин карап чыгуу максатында Баткен шаардык билим жана илим профсюз комитетинин жана баштапкы профсоюз комитеттери тарабынан кызматкерлердин социалдык-экономикалык, укуктук таламдарын коргоодо жүргүзгөн иштери менен таанышып, усулдук жардамдар берилди.

Баткен шаарынын билим берүү мекемелерининдеги баштапкы профсоюз уюмдарына төмөнкүдөй маселелер боюнча усулдук жардамдар берилип жеринде иш берүүчүлөр менен маселелер талкууланды.

Атап айтсак, профсоюз мүчөлөрүнүн статистикалык маалыматтары:

- Профсоюздук карточка, билеттердин туура толтурулушу жана камсыз болушу,

- Райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана жогорку органдардан келген каттардын көзөмөлгө алынышы,

- Өткөрүлгөн окуу семинарлар (кандай темада, канча киши катышкан)

- Иш тажрыйбаларында инновациялык усулдар менен иш алып баруусу,

- Жамааттык келишимдердин түзүлүшү жана аткарылышы,

- Райондук, шаардык профсоюз комитеттери тарабынан арыздар, каттар менен иштөө

- Ар түрдүү багыттагы комиссиялардын түзүлүшү жана иш пландары,

- Мугалимдер үчүн эс алуу бөлмөсү жана түзүлгөн шарттары,

- Жамааттык келишимдердин пунктарынын аткарылышы боюнча тараптардын иш аракети.

-Үй - бүлөлүк шарты оор, ден соолугу кыйнаган билим берүү кызматкерлерине айыл өкмөтү, мектеп жана баштапкы профсоюз уюму тарабынан материалдык жардамдардын уюштурулушу.

- Профсоюз комитетинин жана жалпы профсоюз чогулуштарында, пед.кенешмеде, директор алдындагы кенешмеде мугалимдердин социалдык-экономикалык абалдарын жакшыртуу укуктарын коргоо боюнча маселелердин каралышы жана биргелешип кабыл алынган чечимдердин аткарылышы.

- Билим берүү кызматкерлерине жергиликтүү бийилик тарабынан комуналдык жардамдардын берилиши ж.б.

Ошондой эле профсоюз уюмдарынын төрагаларына иш берүүчү тарабынан жүктөлгөн туура эмес иш милдеттер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ченемдик укуктук актылар менен тааныштырылды.

                     

 

                 Билим жана илим кызматкерлеринин

                 профсоюзунун Баткен областтык комитетинин

                 уюштуруу,укук жана эмгекти коргоо боюнча адиси                                К.Акимов.