Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин областтык спартакиадасындагы ийгиликтер

«2018-жыл –аймактарды  өнүктүрүү  жылына»  арналган билим  берүү  кызматкерлеринин  областтык  спартакиадасы 2018-жылдын  11-12-майында  Ноокат  районунун Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн аймагындагы  билим  берүү  мекемелеринин   базасында  билим, илим  кызматкерлеринин  Ош  областтык  профсоюз  комитетинин  демилгеси  жана  колдоосу  менген  уюшкандыкта  өткөрүлдү.

         Областтык  спартакиадага  8  команда катышып,  спорттун  6  түрү  боюнча  өз  ара  күч  сынашышты.

         Спартакиаданын   жыйынтыгында   Алай  районунан  барган  спортчулар  ордо  боюнча  (кап.ком. Т.Султанов) биринчи  орунду,  волейбол боюнча (аялдар, капитан команда Мамашова Н.)   биринчи  орунду, тогуз коргоол (аялдар)  боюнча (Адишова Д., Маматова Э.)  биринчи  орунду жана  тогуз  коргоол (эркектер) боюнча (Жусубалиев Н, Токтосунов Н.) үчүнчү  орунду  камсыздашып  ийгилик  менен  кайтып  келишти.

Ошондой  эле  №12  И.Адишев  атындагы  орто  мектебинин  директору  Н.Жусубалиев  тогуз коргоол боюнча, №26 А.Бекташов  атындагы  орто  мектебинин  мугалими  Г.Тойгонбаева волейбол  боюнча  «эң мыкты оюнчу» номинацияларына  татыктуу  болушту.

Жеңүүчүлөр  билим,  илим  кызматкерлеринин  Ош   областтык  профсоюз  комитетинин  Дипломдору  жана  баалуу  белектери  менен  сыйланышты.

Билим  берүү  кызматкерлеринин  областтык  спартакиадасын  жогорку  деңгээлде  уюштурган  билим, илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ош  областтык   комитетинин  төрагасы  С.А.Тойгонбаевге  жана  жалпы  жамаатына,   Ноокат  райондук  билим  берүү  кызматкерлеринин  профсоюз  комитетине  жана  жалпы  уюштуруучуларга  ыраазычылык  билдиребиз.

А.К.Абдыкадыров, билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай райондук  профсоюз комитетинин  төрагасы  жана  областтык  спартакиаданын  катышуучулары