Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Лейлек районунда

2019-жылдын  11-октябрь күнү Лейлек районунун маданият үйүндө ар жылы өткөрүлүп туруучу  Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Майрамдык иш чара райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп, ардагер мугалимдер,  райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары, ошондой эле, сыйлыктарга ээ бол турган билим берүү тармагынын кызматкерлеринин катышуусунда жана “Баластан” балдар чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган чакан концерттин коштоосунда өткөрүлдү.

Ачылышында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жалпы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен  куттуктап, учурда адамдын, коомдун өнүгүүсү ар тараптуу билим алууну заманыбызга ылайык талап кылып турган мезгил келгенин, билим алуунун башатын жана өзөгүн агартуучулар түзөөрүн жана  баштапкы билимди сапаттуу  берүү тарбиячынын, мугалимдин келечегибиздин өнүгүп өсүүсүнө кошкон зор салымы экендигин айтып өттү.

Бүгүнкү күндө,  Кыргызстан боюнча 114 миңден ашуун мугалимдер жана окутуучулар эмгектенсе, алардын 2774 Лейлек районунда.

Талбаган эмгектеринин үзүрүн көрүп, эл керегине жараган, мекенчил жаштарды тарбиялап, билим берүү  менен районубуздун, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо беришине  тилектеш экендигин билдирди.

Жалпысынан 100гө жакын кызматкер “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак  Грамоталары”, жергиликтүү бийликтин “Ардак  Грамоталары”, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мамлекеттик, областтык,  райондук деңгээлдеги сыйлыктар жана райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак  Грамоталарына” ээ болушту.

Андан соң, чакырылган коноктордон өкүлдөр чыгып куттуктоо сөздөрүн айтышып, иш чара райондук профсоюз тарабынан даярдалган сый тамак менен жыйынтыкталды. 

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева