Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык профсоюз комитети жугуштуу илдеттен алдын-ала сактануу максатында шаардын мугалимдерине 1000 (бир миң) көп жолу колдонулуучу бет кап жана бактериялардан сактануучу каражатын алып берди.

Зарыл жардам

Эл башына таажылуу вирус –оор сыноосу келип турганда жалпы журт жапа тырмак киришип бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, кептешип-кеңешип, ынтымак жана темирдей бекем тартип менен күрөшсөк бул абалдан да чыгып кетээрбиз. Мына ушундай кырдаалда биринчилерден болуп кыматкерлер үчүн кам көрүп, аларга жардам колун суна турган профсоюз эмеспи. Билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык профсоюз комитети жугуштуу илдеттен алдын-ала сактануу максатында шаардын мугалимдерине 1000 (бир миң) көп жолу колдонулуучу бет кап жана бактериялардан сактануучу каражатын алып берди. Аз да болсо мындай жардам учурдун зарыл талабы эмеспи.

 

 

Каракол шаары

Касмалиева Ж.У.