Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин август Кеңешмеси

Билим берүү кызматкерлеринин август Кеңешмеси 2023-жылдын 18-август күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болуп өттү.

Кеңешмеге «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалимдер», ардагер мугалимдер, педагогикалык жолун алгачкы ирет баштап жаткан жаш адистер, мектеп, бала бакча жетенчилери жана алдыңкы чыгармачыл мугалимдер катышты.  

Кеңешмеде 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштерге баа берилип, 2023-2024-жылга карата милдеттер белгиленди. Алдыңкы мугалимдер, мектеп жамааттары Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле Өзгөн райондук мамлекеттик администарциясынын башчысы Ш.А.Абыкаев турак-жай куруу үчүн 3 мугалимге жер тилкелеринин сертификатын тапшырды. Бул саамалык мугалимдердин областтык август Кеңешмесинде жана жыл ичинде улана бере тургандыгын белгиледи.  

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети