Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү

Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин салтка айланган август кеңешмеси Баткен районунда 2023-жылдын 25-август күнү болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков, Баткен районнунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Кыдырова жана мекеме–ишканалардын жетекчилери катышышты. Кеңешмеде билим тармагындагы жетишкендиктер, 2023-2024-окуу жылындагы  милдеттер жөнүнүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов кеңири  баяндама жасады.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов өз сөзүндө билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын, укуктарын коргоодо жана алардын ден соолуктарын чыңдоодо билим берүү кызматкерлерин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгын баса белгилеп өттү.

Сөзгө чыккан мектеп жетекчилери жана мугалимдер КР Өкмөтүнө билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан колдоп жаткандыгына ыраазычылык билдиришти. Жаңы окуу жылынан баштап  жетекчилердин айлык акысы бир топ жогорулагандыгы  белгенди.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптикбирлигинин Баткен райондук комитети, райондук билим берүү бөлүмү менен өнөктөш катары кесиптик бирлик мүчөлөрүн дайыма колдоп келет. Мугалимдердин август кеңешмесинде алдыңкы мектептерди, чыгармачылык менен иштеп жаткан кызматкерлерди сыйлоого райондук комитет өз эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп, колдоо көрсөттү.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин баткен райондук комитети