Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин арасында “Ден-соолук-2018” спартакиадасы өткөрүлдү

     2018-жылдын  24-мартында  2018-жыл  Региондорду өнүктүрүү жылынын  иш-чараларынын  алкагында  Ноокен  районунун  борбору  Масы  айылындагы  Масы спорт клубунун  залында  жана  №2   С. Ногоева  атындагы  орто  мектебинин  базасында билим  берүү  кызматкерлеринин     “Ден-Соолук-2018”  спартакиадасы спорттун  волейбол, шахмат, стол  тенниси  жана  тогуз  коргоол   түрлөрү боюнча  9  айыл  аймактын  курама   командаларынан 300 спортчунун катышуусунда  өткөрүлдү. Спартакиаданынын  ачылышына Ноокен райондук администрациясынын башчысынын орун  басары  А. Н.  Бекжигитова,  Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы  Б. С. Козуев жана райондогу ардагер дене-тарбия мугалимдери келип   катышышып,  куттуктоо  сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты. Азем Масы балдар чыгармачылык  үйүнүн окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.  Спартакиаданы  өткөрүүнүн  каражаттарын  толугу  менен  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети  тарабынан каржыланды. Спартакиада  атаандаштыкта  өтүп, 1-орунду   Шайдан айыл аймагы, 2-орунду   Кочкор - Ата  шаары жана 3-орунду Масы  айылынын  курама  командалары  ээлешти.                              Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Материалды  даярдаган:  Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров