Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлерине шарттар түзүлүүдө!

Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында мугалимдер канаасы оңдоп түзөөдөн өттү. Бул да болсо  мугалимдердин иштөөсүнө шарт түзүлүп, профсоюздук иштин алдыга жылуусу деп айтсак болот.

Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин сунушу менен мектеп директору макул болуп, азыркы учурда мугалимдер заманбап канаа менен камсыз болушту. Мектеп директору Д.Касымбекова жана профсоюз уюмунун төрайымы Т.Султанходжаева мугалимдерге ар дайым ар түрдүү шарттарды түзүүгө даяр экендигин айтышууда.

 

Маалыматты даярдаган:

Жалал-Абад шаардык комитеттин Жаштар Кеңешинин төрагасы

Максат Мамасыдыков