Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери жайкы эс алууда

Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери  2020-2021-окуу жылын ийгиликтүү аякташып, ден-соолуктарын чыңдап, дем алып келүү үчүн жайкы эс алуу жайларына барып келип жатышат.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Т.Токтогуловдун, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаиловдун “ Жайкы эс алуу-2021” иш-чараларын уюштуруу боюнча көрсөтмөлөрүнүн негизинде билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуулары жакшы өтүүдө.

Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында жайгашкан М.Алыкулов атындагы №11 мектеп-гимназиясынын жана Талдуу-Булак айыл аймагында жайгашкан Р.Чойбеков атындагы №27 орто мектебинин мугалимдери Кызыл-Үңкүр аймагында жайгашкан эс алуу жайларында эс алышты. Кызыл-Үңкүр эс алуу аймагы жапжашыл болгон жаңгак токойлору менен курчалып, мөңгүдөн агып түшкөн тунук суулары менен келгендерди өзүнө тартып турат. Жаратылыштын кооздугу менен адамдын ички дүйнөсү тазарып, жан-дүйнөсү эс алат жана күч кубат кошулат.

Ал эми, Арстанбап айыл аймагында жайгашкан №39 Бел-Терек орто мектебинин мугалимдери Ош шаарында жайгашан Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде болушуп, тарыхый шаарлардын бири болгон Ош шаарынын кооз жерлеринде эс алып келишти.

Кесиптик бирлик мүчөлөрү дем алууга барып, эс алып келүүгө колдоо көрсөткөндөрү үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Т.Токтогуловго, Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаиловго жана Базар-Коргон райондук комитетине ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгилик, жакшылыктарды каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов